Алоолонуп күйгөн жалынча,
Кучагымды жайып барынча.
Күт күткөндөй күтөм өзүңдү,
Кетпейм, кетпейм жолукмайынча.
Жыл күткөнүм жыл деп сезбестен,
Күтчү жерде турам кетпестен.
Сөзүңдү угуу — майрам мен үчүн,
Кетпейм, кетпейм жаным, жан эркем.
Мейли жамгыр суудай төгүлсө,
Мейли бороон согуп теминсе.
Көздөрүңдөн укмуш күү угуп,
Кетпейм, кетпейм көрүшмөйүнчө.
Исирадин Аманбаев — Кетпейм сага жолукмайынча тексти
Датасы: 30.09.2020 Көрүүлөр: 400