Кечип таштап даңктан, атактан,
Келечегин издеп бараткан.
Кайгылуу шер дүйнө кыдырат,
Кайдасың сен, Нестан-Дарежан?
Кайырма:
Ак сүйүүнүн дайрасын кечип,
Азап-кайгы жүрөктү эзип.
Алоолонуп күйүп баратам,
Ансайын мен сүйүп баратам.
Аялзаттан башкача сезип…
Тоскоол болуп тура албаган,
Тоңгон музду ызгаар Бадахшан:
Тоону тешип өтөм сен үчүн,
Тосуп чыкчы, Нестан-Дарежан.
Кайырма:
Күнү-түнү чыкпай санаамдан,
Күйгөн шамсың мен деп жаралган.
Күйүт мени мыжып жатса да,
Күдөр үзбөйм, Нестан-Дарежан.
Исирадин Аманбаев — Нестан — Дарежан тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 3887