Датасы: 15.10.2020
Формат: mp3

Мен тоолорду сагынам,
Мелтиреп анда кар жатса.
Мелжиген бийик чокулар,
Мээрими күчтүү сыр катса.
Айланып келем күнү-түн,
Ашыктык артып тоо жакка.
Кайырма:
Жанаша бассаң
эргиткен,
Жайлоонун көркү
келишкен.
Жайдары мүнөз, кумар көз,
Тоолук кыз болду
периштем.
Тоо жели беттен сыласа,
Толкундайт жүрөк
кайрадан.
Топ улар үнү угулат,
Тоо гүлүн жыттап сайраган.
Ансайын күчөп махабат,
Сен болдуң жипсиз
байлаган.

Исирадин Аманбаев — Тоолук кыз болду периштем тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *