Сүйкүмү сенсиң жанымдын,
Ичине түштүм жалындын
Тымызын ичим тызылдап,
Алтыным сени сагындым.

Тамылжып нуру жүзүңдүн,
Адамдын тартып жүрөгүн.
Жанымда жүргөн күн эсте,
Жайлоонун кечип шиберин.

Өзүңдү эстеп талыкпай,
Өзөктө сырын айта албай.
Томсором жанда жок болсоң,
Толкунда калган кайыктай.

Карааның көзгө көрсөтпөй,
Кайдасың келчи дегдетпей.
Өзүңсүз жетимсиреймин,
Тобунан калган өрдөктөй.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *