Бир киши шаарга эчкиси менен эшегин сатканы айдап жөнөптүр. Эчкинин мойнуна коңгуроо тагылган. Малдуу кишини көргөн үч уурунун бири шериктерине:
— Ээсине билдирбей эчкини уурдаймын, — дейт экен.
Анда экинчи ууру:
— А мен мужуктун колунан эшекти уурдап алам, — десе, үчүнчүсү:
— Анын кыйынчылыгы жок. А мен тигинин бүт кийим-көйнөгүн сыйрып алам, — деп мактанат.
Биринчи ууру эчкиге жакындап барат да, анын мойнундагы коңгуроону чечет. Коңгуроону эшектин куйругуна илип, эчкини талаага жетелеп кетет.
Малдуу киши бурум жерде айланчыктап эчкисин таппай, аны издеп кирди. Ошондо ага экинчи ууру жолугуп, андан эмне издеп жатканын сураган болду. Мужук эчкисин уурдатканын сөз кылды.
— Мен эчкиңди көрдүм: эчки жетелеген киши мына азыр эле токойго кирип кетти. Аны кармап алса болот, — деп ишендирди ууру.
Малдуу мужук эчкини кууп жеткени чуркап баратып, экинчи уурудан эшегин кармай турууну өтүндү. Ал токойдон кайтып келип, ордунда калган эшеги жок экенин көрдү да, ыйламсырап жолго түштү. Жол кезип жүрүп, көлмө боюнда бир адамдын ыйлап отурганына туш болду. Малдуу мужук андан эмне болгонун сурайт.
Киши буйрук боюнча шаарга капка салынган алтынды жеткирмек болгонун, чөөт жээгинде эс алганы олтуруп, үргүлөп кетип түшүндө алтындуу капты сууга тушүрүп ийгенин айтат. Малдуу мужук капты чыгаруу үчүн эмнеге аракет кылбай жатканына кызыкты. Тиги:
— Мен суудан корком, сүзүүнү да билбейм. Бирок, көлмөдөн капты таап чыккан адамга жыйырма алтын тенге беремин, — дейт.
Малдуу мужук сүйүнүп кетти да, ичинен ойго батты: “Менин эчким менен эшегимди уурдашканы үчүн Кудайым мага ушундай бакыт-байлыкты ыроологон тура!”
Ал чечинди да, сууга кирди. Бирок, көлмөдөн алтыны бар капты тапкан жок. Суудан чыкканда көйнөгү чечкен ордунда жок болуп чыкты. Бул иш үчүнчү уурунун колунан келди: ал көйнөктү уурдап кеткен болчу.