Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Талыкпай эмгек кылдың балаң үчүн,
Таш жарып кетүүгө да даяр күчү.
Талпынтып ак бешикке бөпөлөгөн,
Апамдан аядымбы жүрөгүмдү?
Кайырма:
Сапарда кийим алдым балам үчүн,
Байлыкты үйүп салдым өзүм үчүн.
Мээримсиз ушунчалык таш боормунбу,
Оо достор, эмне кылдым апам үчүн?!
Эненин жүрөгүндө мээрим көлү,
Эненин таманында бейиш төрү.
Беш колум тең жумшадым дүнүйөгө,
Кызыгып кайдагы бир көз көргөнгө.
Колумда баары түгөл турса дагы,
Апаке ыраа көрбөй бир өзүңө.
Кайырма:
Эсине келди мына бүгүн уулуң,
Энеке өзүңүзгө мен кайрылдым.
Энеге жетпей жүргөн канча жан бар,
Энеси бар адамдын бактысы бар.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *