Артыңдан калбаймын, ак сүйүүм арнаймын,
Өзүңдү сүйөөрүмдү жашырбаймын, танбаймын.
Сүйсөң да, сүйбөймүн деп эмнеге алдайсың?
Мени да, өзүңдү да жаным неге кыйнайсың?
Кайырма
Баары бир калбаймын,
Башкага барбаймын.
Дүйнөнүн периси,
Жаныма келсе да,
Бир өзүңдү тандаймын.
Жигиттин таптаза сезимин бузбачы,
Жоругуң жолдо калсын, жок дебечи аячы.
Жылмайып бир күлсөң, эзилип мен кетемин,
Карап тур жаным, сага баары бир мен жетемин.
Кайырма
Кайрат Примбердиев — Калбаймын тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 698