Датасы: 01.10.2020
Формат: mp3

Сен деги кандай немесиң?
Сүйүүмдү качан сезесиң?
Жалт карай өтсөм жаныңдан,
Байкабай кете бересиң.
Сүйүмдү арнай беремин,
Жообуңду күтүп келемин,
Мамилең муздак болсо да,
Көзүңдөн сүйүү издеймин.
Кайырма:
Ак сүйүү баркын билбеген,
Сен өзү кандай немесиң?
Башкалар айткан сөздөрдүн,
Жалганын кантип сезбейсиң?
Чын эле кантип сезбейсиң?
Кадырым билбе, сен үчүн,
Жанымды чабам не үчүн?
Бир күнү «сүйөм» деп келсе,
Деп жүрөм үзбөй үмүтүм.
Сен өзү кандай немесиң?
Сүйүүмдү качан сезесиң?
Жалт карай өтсөм жаныңдан,
Байкабай кете бересиң.

Один комментарий к “Кайрат Примбердиев — Сен деги кандай немесиң? тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *