Датасы: 19.10.2020
Формат: mp3

Сап-сап бир учкан таранчы,
Санын бузбай саначы.
Сан жигиттин ичинен,
Сүйгөнүм барбы карачы?
Топ-топ бир учкан таранчы,
Тобун бир бузбай саначы!
Топ жигиттин ичинен,
Сүйгөнүм барбы карачы?
Сап-сап бир учкан таранчы,
Санын бир бузса болбойбу?
Сан жигиттин ичинен,
Сүйгөнүм чыгып койбойбу.
Топ-топ бир учкан таранчы,
Тобун бузса болбойбу?
Топ жигиттин ичинен,
Сүйгөнүм чыгып койбойбу,
Сүйгөнүм чыкса болбойбу?

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *