Датасы: 24.10.2020
Формат: mp3

Бейкапар жүргөн кезимде,
Бейпайды салдың сезимге.
Ак жумал жүзүң албырып, ай,
Ар дайым акыл-эсимде.
Өмүргө адам бир келет,
Өмүргө адам бир белек.
Өмүрдүн таттуу күндөрүн, ай,
Өткөрсөк кана биргелеп?
Аттиң ай, мынча кечигип,
Акырын азыр кезигип.
Өңүңдөн сенин, өңүңдөн, ай,
Өкүнүч турду сезилип.
Тапканым асыл аярым,
Талпына берди кыялым.
Кыргыйдай тынбай сага учат, ай,
Кыялды кантип тыямын?

Калмурат Рыскулов — Бейкапар жүргөн кезимде тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *