Датасы: 09.11.2025
Формат: mp3

Жашоо сонун жаман кылган өзүбүз
Жаман нерсе болуп калды көнүмүш
Адам деген арзан баага бааланып
Өзүбүздөн кымбат турат сөзүбүз

Чыныгы жүзүбүздү көргөзбөй
Адамдар жашап калдык өлбөстөй

Кайырма:
Өмүр аттиң өтөсүн да бир күнү
Өчүрөсүң кубанычты, күлкүнү
Сени сүйүп, сага көңүл боло албай
Жүргөнү бар көтөрө албай түйшүгүн

Өмүр аттиң өтөсүн да бир күнү
Өчүрөсүң кубанычты, күлкүнү
Адамдарга кайрыларым, айтарым
Кадырлагын, бул өмүрдү сүйгүнүң

Адамдар бар жашоосуна наалыган
Ою бузук, пейилдери тарыган
Кудай берет сурагандан эселеп
Шүгүр кылсаң жогуна да барына

Чыныгы жузубузду көргөзбөй
Адамдар жашап калдык өлбөстөй

Кайырма:
Өмүр аттиң өтөсүн да бир күнү
Өчүрөсүң кубанычты, күлкүнү
Сени сүйүп, сага көңүл боло албай
Жүргөнү бар көтөрө албай түйшүгүн

Өмүр аттиң өтөсүн да бир күнү
Өчүрөсүң кубанычты, күлкүнү
Адамдарга кайрыларым, айтарым
Кадырлагын, бул өмүрдү сүйгүнүң

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *