Датасы: 02.08.2022
Формат: mp3

Баарын баарын биле албайм
Бири биринин тилин албайт
Тебеленген абийир
Ак ийилсе да бирок сынбайт
Ишеним бар жүрөгүмдө
Өмүр сүрөт өзгөрүүгө
Сезимимде угуп турам
Түркүн үндүү

Улам улам сезип турам жүрөктөгү сүйүүнү

Адам ааламга карайт
Убакыт өзү таразалайт
Кылганың көзгө алынбайт
А кээде жакшылыгың бааланбайт
Бул жашоо уланууда
Себебиң бар кубанууга
Алты саның аманында
Сүр өмүрдү

Улам улам сезип турам жүрөктөгү сүйүнүчтү

Өз жолумду өзүм салып түздөйм
Кыял максатымдан үмүт үзбөйм
Ишеним бар жүрөгүмдө
Өмүр сүрөт өзгөрүүгө
Сезимимде угуп турам
Түркүн үндүү

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *