Каркыра менен түлкү
Каркыра менен түлкү
Бир күнү Каркыра уясына келип, чөптүн арасына катып койгон жумурткасын таппай калат. Ары чуркап, бери чуркап жүрүп кошуналарынан аны Түлкү жеп кеткенин угат. Каркыра ачууланып, ач Түлкүдөн өч алмакчы болот.
Күндөрдүн биринде Каркыра токой аралап баратып дөңсөө жерде ойлонуп турган Түлкүгө капысынан кезигип калат.
– Эмне мынча ойлуусуң, Түкө?
– Асман кезип учканга кызыгып турам.
– Кел, сага учканды үйрөтөм. Эки канатымдын ортосуна отур,- деп Каркыра Түлкүнү үстүнө отургузуп алып учуп жөнөйт. Бир кезде:
– Эми буттарыңды каккылап, ылдый карай учуп түш,- деп Түлкүнү коё берет. Түлкү жерге кулап түшөт. Артынан Каркыра келип жанына конуп:
– Учкан оңой эле бекен?
– Оңою оңой дечи. Конгонду үйрөнүү керек болуп турат,- деп Түлкү белинин ооруганын айтып онтолоп жиберет.

Каркыра менен түлкү: 6 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *