Карышкыр менен түлкү

Карышкыр менен түлкү аудиосун угуу

Карышкыр менен түлкү 3

Карышкыр менен түлкү токойдо жортуп келатышты.  Түлкү тузакка алдооч катары илинген казды көрдү. Ал  ачка  болчу, бирок  казга тийсе тузакка түшөрүн түшүнүп, катуу тамшанды. Муну байкаган бөрү сурады:

–  Түлкү курдаш, эмне мынча тамшандың? Же майлуу тамактын жытын алдыңбы?

–  Жыт алмак тургай өзүн көрүп турам, тигинде семиз каз илинип турат. Жегим келет, бирок…–  деп ал дагы катуу тамшанды.

–  Эмне бирок? Менден мурда жегенден тартынып турасыңбы? Же мени сыйлагың келип жатабы? Жегиң келсе жей бер, сыйыңа ыракмат. Мен токмун, сен ачка экенсиң, жей бер,–  деди.

–  Кеп анда эмес… Мен орозодо болчумун. Ошон үчүн жей албайм. Сен жей бер. Сенин жегениң менин жегеним,–  деди түлкү.

Досуна ичинен ыраазы болгон карышкыр карагайда илинип турган казга секиргенде  тузакка түшүп, каздын ордуна өзү салаңдап асылып калды. Каз болсо ыргып келип түлкүнүн астына түшүп калды.  Түкөң казды баса калып, жүндөрүн бырпыратып, сөөктөрүн кычыратып жей баштады.

–  Досум, сен орозо эмес белең?–  деди тузакка илинип, айласын таппай калган карышкыр.

–  Ооба, биринчи тамак табылганга чейин орозодо болчумун,–  деди каздын майлуу этин кулк эттире жутуп жиберген түкөң.

Ушул жумадагы 10 популярдуу ыр

TitleLike Count
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти436
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти61
Нурлан Насип - Кыргызстан тексти26
Данияр Эрматов - Жолуккум келет тексти21
Толгонай Арзыкеева - Сен менин тексти11
Асанкалый Керимбаев - Көл баяны тексти7
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти7
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти6
Кызсайкал Кабылова - Мен сизди унутушум керек эле тексти6
Султан Садыралиев жана Замир Арыкбаев - Кудача кыз тексти6

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.