Мына биздин гүл турмуш
Гүл турмуш гүл турмуш
Гүл турмушта жадырап
Күлө турган кез ушул
Күн нурундай сайраңдап
Жүрө турган кез ушул

Мына биздин гул турмуш,
Гүл турмуш, гүл турмуш
Эл достугу аскадай,
Бузулбаган кез ушул.
Эркин учуп туйгундай
Кыз ырдаган кез ушул.

Мына биздин гүл турмуш,
Гүл турмуш, гүл турмуш.
Тоонун жашыл гулүндөй,
Өмүр өскөн кез ушул.
Толкуп жаткан деңиздей,
Көңүл өскөн кез ушул.

Гүл турмуш тексти: 36 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *