МАКСАТ- БАТКЕН тобу — Апаке тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Кыялымда кайкып учуп асманда,
Ашуу, аска-тоолор аралап.
Учуп барсам менин алтын апама,
Кучагына батсам талпына.
Ишен, апа, сөздөрүң бүт жүрөктө,
Тумар кылып, апа, тагынам,
Медеримсиң жүрөгүмдө бир өзүң,
Берекем, апам, сагынам.
Апаке, сени сагынам,
Мээримиң чексиз баарынан.
Алтыным апам, сагынам,
Мээримиң чексиз баарынан.
Балаң үчүн канча түндөр уктабай,
Мээрим чачып түндөр кечирдиң.
Ак сүтүңдү актаар бекем, апаке,
Асылым, апам, сагынам.
Апаке, сени сагынам,
Мээримиң чексиз баарынан.
Алтыным апам, сагынам,
Мээримиң чексиз баарынан.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp3982
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти349
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти192
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти145
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти134
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти105
Данияр Эрматов - Мен кыргызмын тексти100
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти100
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти91
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти91

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.