Каз менен турна

Бир курдай көл жээгинде жүндөрү түлөгөн семиз каз отурган экен.

Күтүүсүздөн турна келип жанына конот. Сезим каздын жанында ыркыйып арык көрүнөт турна. Аны көргөн каз каадалана мыскылдайт:

— Атанын кургурум ай-йе, аркайып сөөгүң эле калган го! Жайлы жайлай өзөк жалгадың беле деги…

Ошол замат экөө тең көл жээгинде колундагы куралын шыкаалаган мергенчини көрүп калышты. Турна көз ачып жумганча ордунан уча качты. Ал эми көчүгү көйкөлүп май баскан каз болсо канатын каккыча эле мылтыктын “тарс” эткен үнү жаңырып калды.

Ошентип күлтүйүп семирген каз көл жээгинде сулап, ыркыйган турна көккө сызып, көздөн кайым болуптур.

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.