Датасы: 19.10.2020
Формат: mp3

Жанып турсам байкадыңбы?
Жылдызымдай асмандын.
Капилеттен көрүп алып,
Мен да сага шаттандым.
Кусалыгым тарап кетти,
Нурларындай ак таңдын.
Жакшы сөзүң жанга кубат,
Жалыныңа капталдым.
Кайырма:
Көкөлөсөң көңүл кушу эргип,
Көздөр менен сүйлөйлү.
Сезимдерге күү төгүлтүп келчи,
Сүйүү бийин биз бийлейли.
Сени гана сезимиме,
Катып алдым кайтарып.
Көздөрүңдүн ирмеминен,
Турду баары байкалып.
Аруу сезим кандай күчтү,
Алсыз ойду майтарып.
Жарык болсун эртеңки күн,
Жакшы ойлорго кайталык.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *