Кара мончок каректериң карагат,
Караганың жүрөгүмдү жаралап.
Кайырчыдай жалдырады ак сүйүүм,
Кагып эшик бир өзүңө сагалап.
Кага албай махабатым канатын,
Кайра тапты жүрөгүмдүн жараатын.
Башка менен кол кармашып бактылуу,
Неге мени көзгө илбей бараттың?
Кайырма:
Ай, аярым, өзүңдү аядым,
Жалгандан алсырап аядым.
Ай, аярым, сүйүүңдү танбаймын,
А бирок өзүңдү аядым.
Кайгы беле махабаттын белеги?
Кыйналамын таппай анын себебин.
Кагып канат уччу жерге жетпесе,
Айтчы анда куштун барбы кереги?
Алоолонгон ак сүйүүмдү арнадым,
Алыс кагып аны кабыл албадың.
Башка нерсе айта албайм, түшүнгүн,
Бактылуу бол, менин сага каалаарым.
Кайырма:
ото сонун бизге жакты
Ката жок азамат
Мага жаккан музыкалардын бири болуп саналат. Кеңеш тобу просто ваууу