Датасы: 14.10.2020
Формат: mp3

Жазым сен
Периштелер жандырат,
Ай-жылдызды шамдай,
Белек кылып ашыктарга.
Кадыр түндү тосолу ак тилекти арнай,
Жанып күйгөн жаштыктарда.
Эриниң балдай,
Берилип назыңа эридим кандай жайнап.
Жазым келди, капаны айдап,
Сүйүү деген мөмөсүн байлап.
Жазым келди куш болуп сайрап.
Керемет бул кезим, гүл ачкан сезим.
Жалбырактар теректе, жүрөктөрдөй туйлап,
Сыдырым жел сырдашкандай.
Жылдыздардын жарыгын,
Карегиңе жыйнап, жылмайганың
Нур чачкандай.
Кагылат жаным, жадырап жүргүнүң,
Жанымда дайым, жайнап.
Кайырма:
Бийиктен түшпөй,
Бириккен жүрөктө,
Жаз бийлеп бүтпөй,
Эридим кандай, эриткен жанымды,
Эриниң балдай.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *