Датасы: 08.10.2020
Формат: mp3

Көк тирейт аска зоо бийиктери
Боорунда аркары кийиктери
Ал тоону айланып бүркүт учкан
Ааламдын бейиши өзүнсүң кыргыз жери

Жер токой арчалуу ашуу бели
Түркүн гүл адырлуу анын бети
Тоо ылдый шар аккан шаркыратма
Тойбойтко көргөнгө сөзүңө кыргыз жери

Кыргыз эли
Кыргыз жери

Аккан суу дайрасы тунук көлү
Шарпылдайт толкунду көлдүн жээги
Аккулар эрчишип бирге учкан
Айтканга сөз жетбейт көркөмдү кыргыз жери

Жайлоосу аңкыгаң адыр жели
Саймалуу тоолору салкын төрү
Түпкүн куш байралып мекен деген
Түгөнбөс жомоксун укканга кыргыз жери

Сагынам алыстап кетсем сени
Сан кылым карыткан кыргыз жери
Дайрадай толкуткан жүрөктөрдү
Дастансын ырдалып бүтбөгөн кыргыз жери

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *