Кенеш тобу — Жан кызым тексти

Көчүрүү (скачать)

Алгачкы кадам тай тайлап баскан,
Эсимде ай кызым,
Ата деп алгач тилинден сенин,
Бакытка балкыдын,
Ак тилек менен бешике бөлөп,
Алдейлеп ай кызым,
Апа деп айткан тилинден сенин,
Бакытка балкыдын.

Убакыт учуп узатып турам,
Уяндан ай кызым,
Урматта кайын журтунду сыйлап,
Ак жолун ачылсын,
Ажарлуу келин мээримдуу эне,
Атына татыган,
Ардакта кайын журтунду сыйлап,
Аман бол ай кызым.

Байлыка эмес батага толсун,
Көшөгөн ай кызым,
Батамды берип узатып жатам,
Бактылуу бол кызым,
Иймелип кайын атана дайым,
Алкышын ал кызым,
Ийилип кайын энене дайым,
Батасын ал кызым.

Карааным менин карегиндемин,
Канатым ай кызым,
Колумдан сени учуруп жатам,
Куш кылып ай кызым,
Кыялкеч бала балапан канат,
Эркелен ай кызым,
Өксүбөй дайым ырыскын толуп,
Бактылуу бол кызым.

Ушул жумадагы 10 популярдуу ыр

TitleLike Count
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти436
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти60
Нурлан Насип - Кыргызстан тексти25
Данияр Эрматов - Жолуккум келет тексти21
Толгонай Арзыкеева - Сен менин тексти10
Асанкалый Керимбаев - Көл баяны тексти7
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти7
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти6
Кызсайкал Кабылова - Мен сизди унутушум керек эле тексти6
Султан Садыралиев жана Замир Арыкбаев - Кудача кыз тексти6