Датасы: 17.10.2020
Формат: mp3

Алма гүлүн ачкан кезде
Апа сизден айрылгам
Арман толо көз жаш менен
Ыйлап, ыйлап кайгыргам
Айтып бүткүс кайталангыс
Мээримиңден ажырап
Азаптардын деңизине
Чөгүп кеткем кайгымдан
Кайырма:
Алма гүлү, алма гүлү ай азапка саласың
Алма гүлү, алма гүлү арман бойдон каласың
Алма гүлү, алма гүлү ай азапка саласың
Алма гүлү, алма гүлү арман бойдон каласың
Алма гүлүн төккөн кезде
Ата сизден айрылгам
Ак булутка жетээримде
Канатымдан кайрылгам
Аталап ай кыйкырганым
Укпай уктап жатканда
Алоолонуп, алоолонуп
Күйүп кеткем кайгымдан
Алма гүлүн ачкан сайын
Өзүңөрдү эстеймин
Асылдарым экөөңөргө
Эркелөөнү эңсеймин
Ак тилектер силер айткан
Мага ыйык аманат
Аягына чыкмайынча
Бул өмүрдөн кетпеймин

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *