Датасы: 04.10.2020
Формат: mp3

Асыл тукум мингениң,
Салкын төр жайлоо жүргөнүм.
Эриктим жылкы кайтарып,
Кайдасың, келчи сүйгөнүм.

Жылкы оттойт чөптүн түрлөрүн,
Мен жыттайм жыпар гүлдөрүн.
Санаадан такыр чыкпайсың,
Сагындым, келчи сүйгөнүм.

Мен жылкычы, сен чабан
Кыйкырып добуш үн салам.
Өлкөбүз үчүн иштейли,
Өркүндөп өссүн гүл заман.

Кенже Көбөкова — Жылкычынын ыры тексти: 4 комментарий

  1. Мен комуздан жылкычынын ырын жатайын дегемин бирок бул ырлырдын обору тушкой жатат?

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *