Падыша кан сарай курду да, анын алды жагына бак тикти. Бирок бакка кире бериште иш жүзүндө чакан кепе турчу, анда кедей киши жашаар эле. Падыша бактын кейпин бузбоо үчүн ал өжүрөнү сүрдүрүүнү чечти. Ошол себептүү ал өзүнүн министрин кепени сатып алганы жармач кишиге жиберди.

Министр кедейге келди да:

— Сен бактылуусуң. Падыша сенин кепеңди сатып алмак болду. Чакан өжүрөң он сомго да турбайт, падыша сага жүз сом бермекчи.

Анда мужук:

— Жок, мен кепемди жүз сомго да сатпаймын.

Министр:

— Падыша анда эки жүз берет.

Мужук:

— Эки жүзгө да, миң сомго да эч качан карматпайм. Менин чоң атам менен атам ушул үйдө жашап, көздөрү өттү. Мен да ушунда карып, өмүрүм ушул кепеде бүтөт. Кудай берет, — деди.

Министр кедейдин сөзүн падышага айтып барды:

— Мужук өжөр жан экен, кепке келбеди. Ага эч нерсе карматпаңыз, падышам. Андан көрө кепесин сүрдүрүп салууну буйруңуз. Ошондо, иш бүтөт.

Падыша:

— Жок, мен антүүнү каалабаймын,- деп баш чайкады.

Анда министр:

— Анда кандай болот? Кан сарайдын маңдайында чириген кепенин турганы жакшы беле? Сарайыңызга көзү түшкөн кайсы  киши болсо да: “Кан сарайы го сонун экен, анын көркүн кепе бузуп жатыптыр. Өжүрөнү сатып алганга падышанын акчасы жок тура!”- деп ойлошот.

Падыша:

— Жок, кан сарайды көргөндөр : “Мындай имаратты курган падышанын акчасы эсепсиз көп экени баамдалып турат”, — деп ойлойт, өжүрөгө көзү түшкөндөр: “Бу падышанын иши ак тура!”деп айтат. Кепени кыймылдатпай, тек кой, — дептир.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы42
Карышкыр менен эчки42
Акылдуу кыз жомок34
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Көмөч нан (колобок) жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр жана жети улак19

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *