Кел, Жаңы жыл, келгениң куттуу болсун,
Ар бир үйгө береке, дөөлөт консун.
Ар кимдин ак тилеги орундалып,
Жалпы элимде жарык маанай, күлкү болсун.
Жаңы жыл келди ырдайлы,
Жаңы жыл берсин жыргалды.
Тынчтыкта элим жашасын,
Тартпасын эч ким муң-кайгы.
Жаңы жылда жаңырган ырлар болсун,
Жалпы элимдин жашоосу жыргал болсун.
Ырыс-кешик, ынтымак, биримдикте,
Жаш-карыга жарашып ыйман болсун.
Жаңы жыл аалам белгилеп,
Жарышып айтып ак тилек.
Арчаны баары айланып,
Арчадай жаштык берсин деп.
НУР тобу — Жаңы жыл тексти
Датасы: 10.10.2020 Көрүүлөр: 114