Эки биртууган жашаптыр. Улуусунун үч уулу, кичүүсүнүн жалгыз кызы болот. Улуусу бир күнү көз жумат экен. Анан анын үч уулу авасыныкына келип, минтип айтышат:

– Аваке, кызыңызга үйлөнөлү деп, биз анын колун сурап келдик.

– Менин кызым жалгыз болсо, а силер үчөөңсүңөр, – дейт кыздын атасы. – Жалгыз карагымды үчөөңөрдүн кимиңерге бермек элем? Мегиле, колуңарга үч жүз рупий берейин, муну өз ара бөлүшүп, соода ишин кылгыла. Кимиңердин итиңер чөп жесе, кызымды ошонуңар аласыңар.

Тиги үчөө акчаны алып, буюм сатып алмак болушат. Жүз рупийге бири – суу мончок шуру, бири – самолёт-килем, бири күзгү сатып алат.

Үчөө чогулуп, өз иштери тууралуу биринен бири сурай баштайт. Ортончусунан эмне үчүн самолёт-килем сатып алганын сурашат.

– Эмнеге сатып алганымдын себеби, самолёт-килемге отурсаң, көз ачып-жумганча каалаган жериңе жеткирет, – деп түшүндүрөт.

Суу мончок шуруну эмнеге сатып алганын эң улуусунан сурашат.

– Шурумдун касиети мында, – дейт анысы, – муну сууга малып, өлгөн адамдын оозуна суу тамчылатсам, жаны үзүлөр адам дароо тирилип кетет.

Акырында эмне үчүн күзгү сатып алганын эң кичүүсүнөн сурашат.

– Хе-хе, – дейт анысы. – Эгерде алыста-алыста эмне болуп жатканын көргүң келсе, күзгүнү карасаң – баары көрүнөт. Үйдө болгон шумдукту ушул күзгүдөн эле көрүп аласың, – дейт да, күзгүнү карай коюп, карбаластап кыйкырып калат: – О кокуй, биз көр оокат деп жүргөндө, авамдын кызы өлүп калыптыр. Мына, жасаты жансыз жатат, көрдүңөрбү! Атүгүл мүрзөгө көмгөнү алып жөнөштү.

Үчөө тең көчүктөрүн жерден жулуп алгандай секирип турушат да, самолёт-килемге отуруп, көз ачып-жумганча үйгө жетип келишет. Ошол замат шуруну сууга малып, өлгөн кыздын оозуна суу тамчылатышты эле, кызга жан кирди, това! Үчөө анан авакесине келишти.

– Эми бизге кызыңды бер, – дешти.

– Силер падышага баргыла, кызымды кимиңерге беришти ошол чечсин, – дейт авакеси.

Үчөө падышага жөнөштү.

– Ылыйгытка ылайык кимиңер кызды күзгүдөн көргөн болсоңор, кыз ошонуку. Анткени өлгөн кыздын денесин жууп аткан учурда көргөн ошол эмеспи, – дейт падыша.

Ошонтип ал кыз менен никеге туруу күзгүнүн ээсине буюрган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы66
Акылдуу кыз жомок49
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар31
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *