Датасы: 19.05.2024
Формат: mp3

Бөбөлөп бакканым балапаным

Бой тиреп жетилип канаттарың

Тууруңа бүгүн биз узатабыз

Багыңды ачса экен жаратканым

Тууруңа бүгүн биз узатабыз

Бак берсин жаратканым

Кайырма

Акжолтой асыл бол алганыңан

Кулпуруп ак гүлдөй жайнагың да

Бой жетип башка үйгө кеткениң менен

Биз үчүн сен таттуу баласың да

Сыйлагың акылдуум барган жериң

Сый артып даңкталсын ата тегиң

Бак тилеп бөбөлөп бала күндөн

Тилеги ушул го ата-эненин

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *