Сен гүл болсоң мен жыттадым биринчи,
Сен суу болсоң мен ууртадым биринчи.
Сен ай болсоң чалкып турган көктөгү,
Нур кучактап мен уктадым биринчи.
Кайырма:
Балдай эрип таңдайыма биринчи,
Таалай болдуң маңдайыма биринчи.
Баңги кылып, сыйкырчыдай дубалап,
Байлап кеттиң саамайыңа биринчи.
Дартым болсо, дарым сенсиң биринчи,
Тагдыр кошкон багым сенсиң биринчи.
Жалгыз баштын жан биргеси сен болдуң,
Жарык шоола таңым сенсиң биринчи.
Кайырма:
Клара Алибекова — Биринчи гүл тексти
Датасы: 13.10.2020 Көрүүлөр: 323