Көк алма

1 чи Like басыңыз.

Бар экен, жок экен, кайсы бир заманда оорулуу падыша болгон экен. Анын үч уулу болуптур.  Кеселине дабаа таба албаган падыша бул оору акыры өзүн алып тынарына көзү жетип, мамлекетинин тагдыры менен өзүнүн тактысын уулдарынын кимисине ишенип тапшырарды билбей башы катып, аларды сынап көрмөк болот. Ошентип ал үч уулун чакырып мындай дейт:

— Балдарым, силер өзүңөр көрүп турасыңар, менин оорум жаман, ошон үчүн  көпкө жашай албайм. Силер үчөөң жер кезип, саякаттап келгиле, ал жактардан кимиңер эң кереметтүү, чанда кездешчү буюм алып келсеңер, ошонуңарга падышачылыгымды тапшырып, тактымды берем.

— Ата, антип жаман сүйлөбөңүз. Сиз дагы да көп жашайсыз, илдетиңизди айыктыруучу дары табылат! – деп жиберишти үч бир тууган жарыша.

— Андай болсо кам санабай саякатка чыгып, мен талап кылган кереметти алып келгиле. Баргыла! – деди падыша өкүм үндө.

Үч бир тууган ошол эле күнү жолго чыгып, бир жыл бою дайынсыз кетишти. Ошентип алар жер кыдырып, эл аралап, атасы талап кылган кереметтүү буюмду издеп жүрүшүп, акыры ал максаттарына жетип, кайра кайткан жолдо капысынан жолугуп калышты.

— Сен эмне таптың? – деп алар учурашкан соң бири-биринен сурашты.

— Мен аты жок эле өзү жүргөн арабага ээ болуп, ошону менен келатам,- деди улуусу падышалык такты мага тийбегенде кимге тиет дегендей мактаныч менен маңдайы жаркып.

— Мен кай жакты көрүүнү кааласам ошол жерди көргөзгөн сыйкырдуу күзгү таптым, — деди ортончусу сыймыктуу түрдө көөдөн көтөрүп, падышалык бийлик өзүмдүкү дегенсип компоюп.

— Менин жанымда бир эле мынабу көк алма бар, — деп үч бир туугандын кенжеси коюнуна бет аарчыга ороп каткан алманы көргөзгөндө эки агасы күлүп, ичтеринен анын эч нерсе таппаганына сүйүнүштү.

— Кана, биздин үйдө эмне болуп жатат болду экен? – деп мактанмакчы болгон ортончу бир тууган баарын көргөзгөн сыйкырлуу күзгүсүн карап, кыйкырып жиберди:

— Бир туугандарым! Атабыздын оорусу күчөп, өлүм алдында экен, шашылалы!

Эки бир тууган да сыйкырдуу күзгүдөн атасынын төшөктө өң-алеттен кете кумсарып жатканын көрүп чочуп кетишти.

— Түшкүлө, атсыз эле жүргөн арабага, муну менен атабызга бир заматта эле жетип барабыз, — деди аңгыча бир туугандарынын улуусу кереметтүү арабасын туура тартып.

Айткандай эле алар бир аздан кийин атасынын кашында турушту.

— Балдарым, үлгүрүп келип калганыңар ырас болду. Мен бул дүйнө менен коштошкону жатам, — деди атасы аларды көрүп.

— Ата, мен сиздин тапшырмаңызды аткарып, сыйкырдуу күзгү алып келдим, аны менен каалаган жериңизди көрсөңүз болот, — деди ортончу уул атасы өтүп кетсе тактыга ээ боло албай каларынан коркуп.

— Жакшы,- дегени менен атасынын керемет күзгүнү караганга шайы келбеди.

— Ата, мен сиздин тапшырмаңызды аткарып, аты жок эле өзү жүргөн араба алып келдим, түшүп көрүңүз, — деди улуу уулу атасы азыр үзүлүп кетсе падышалык тактыга ээ болбой каларынан чочулап.

Бирок падышанын арабага түшмөк тургай колун өйдө көтөргөнгө дарманы жок болчу. Антсе да ал кичүү уулу эмне менен келгенин билгиси келип, суроолуу карады. Кенже уул чөнтөгүнөн алиги алмасын алып чыгып келатканда эки агасы жарыша кыйкырып жиберишти:

— Ата, мунун көк алмасын эмне кыласыз? Биздин сыйкырдуу күзгүбүз менен арабабыз болбосо ал сизди тирүү көрүүгө үлгүрмөк эмес. Андан көрө кимибиздин буюмубуз керемет болсо ошонубузга падышалык тактыны ыйгарып үлгүрүңүз!

Кенже уул эки агасы бул сөздөрдү айтып бүткүчө көк алмасын бычак менен майдалай кесип, атасынын жанына чөгөлөй калды:

— Ата, бул алманын бар экенин билип, бир жыл бою издеп, акыры таап келдим. Бул алма баардык дарттардын дабасы, тезирээк жеп жибериңиз, мага сиздин тактыңыз эмес, өзүңүз керексиз, аны байкелеримдин бирөөсүнө калыстык менен ыйгарыңыз, — деди.

Бала айткандай эле алманы жеген падыша бир аздан кийин өзүнө келип, көп өтпөй эле бутуна туруп кетти. Мындан улам тактысын уулдарына өткөрүп берүү маселеси да өзүнөн-өзү артка жылды.

Ал эми силер балдар, падыша тактысын кийин кайсы уулуна берерин айттырбай эле түшүндүңөр окшойт ээ…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.