Датасы: 20.04.2024
Формат: mp3

Жодурап көзүң элесте
Жолуңду тозуп серептей
Гүл десте кармап колума
Күтөмүн сени келет деп

Күтпөскө чыны барбы айла
Күткөндө жүрөк ал кайра
Убайым тартсам элиме
Убакыт өтпөйт андайда

Гүл сүйгөн нурун жашырып
Күн да кетти жашынып
Сепкенсип көккө жылдызды
Сен келдиң анан ашыгып

Алалбай сунган колумду
Айта албай бир сөз орундуу
Кароодон карек жалтанып
Калтырак басып оюмду

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *