Датасы: 29.09.2020
Формат: mp3

Толкубас деңиз да күнү түн
Токтотор шамалда жүрүшүн
Токтобос үзүлбөс энеке
Эч качан балаңдан үмүтүн
Энеке энеке

Азамат болсоң жетик бол
Адилдик жаткан бешик бол
Теңирдин жолу ошондой уулум
Текебер болбой тетик бол

Гүлдүн да соолорун билемин
Күн деле соолутат илебин
Кирдебес соолубас бир гана
Энелик эң аруу тилегин
Энеке энеке

Уйкаш бол уулум жакшы ырга
Уяттан ардан тапчылба
Аңдабай жаман сөз сүйлөп уулум
Адамдын көңүлүн калтырба

Сен барда бакчама гүл анат
Өзүңсүз чалынсам гүлүңө
Бактылуу күнүмдү бөксөртпөй
Жаркырап жанымда жүрө бер
Энеке энеке

Байсалдуу болсун сапарың
Байлыкка толсун базарың
Сылык бол жана сыпа бол уулум
Сынбасын десең назарың
Сый урмат көрүп жүрөлү бирге
Жашоонун көрүп жыргалын

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *