Көнөчөк кийген түлкү аудиосун угуу

Илгери бир кемпир-чал болуп, алардын жалгыз кара ую бар экен. Уюн саап, сүтүн ичип, каймагын каттама кылып жеп күн көрүшчү. Кемпир табакка жыйнаган каймагын тактанын алдына койчу. Муну бир шум түлкү байкап калып, күн алыс келип жеп кетчү болду. Кемпир аны мышыктан көрдү да каймакты оозу тар көнөчөкке салды.

Күндөрдүн биринде түлкү кемпир-чалдын үйүнө дагы келди.

Каймак табакта эмес, көнөчөктө экен. Түкөң жанталашып жатып көнөчөккө башын салып, каймакты жеп алды. Анан башын кайра чыгармакчы болду эле бирок болбоду. Куткарар эмес. Түлкүнүн айласы кетти да:

-Көнөчөк аке, эми тамашанды кой. Ушунчалык убара кылганың да жетишет. Үйдө балдарым бар, кое бериниз.-деп жалынды.

Анда көнөчөк ага кекээрдүү сөзүн жөнөттү.

-Кайран түлкүм, келип жатат күлкүм! Сени конокко чакырдым беле, эми кое бер дебе. Каймак жейм деп үйгө киресиң, анын таттуу экенин билесиң. Мен бир аз тамаша кылсам, “үйгө барайын, балдарым бар” деп чебелектейсиң! Жок, сен үйүңө барбайсың, экинчи көнөчөккө башыңды да салбайсың!

Түлкүнүн күйбөгөн жери күл болду:

-Эмесе сенин жазаңды берейин да, сууга агызып жиберейин,-деп өзөндү карай жөнөдү.

Түлкү келип башын сууга салды. Көнөчөккө суу толуп, түлкү тумчугуп кулап түштү. Куу түлкү дал ушинтип өлгөн экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы45
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок16
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *