Колго түшкөн ууруну султанга алып келишти. Султан аны шерменде кылмак болуп, ар бир жаран анын бетине түкүрүп өтсүн үчүн ууруну устунга байлатып таштады.

Бир нече күндөн кийин аянттан өтүп бараткан султан устунга таңылган уурудан сурады:

– Ии, кандай экен? Бу жашоодо мындан өткөн азап болду беле башыңда?

– Болгон, болгон, о улуу урматтуум.

– Ал кандай эле?

– Үйүмө келген мейманга эмне берерди билбеген кордуктан өткөн кордукту көрбөгөмүн, – дептир ууру.

Кылыч жана тил

Шордуу бирөөнүн башын кыя чабар кылыч абаны жарып өттү.

Муну көргөн тил үн катты:

– Сен кеч калдың, тууган… Иштин баарын сенден артык бүтүргөмүн эбак.

Битирдин табакташтары

Битирден сурайт бирөө:

– Жалгыз тамактанып отурасыңбы сукулдап?

Битир буга таңгалды:

– Менби? Тамагымды чымындар кошо талашып жешкенин көрбөй турасыңбы?

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)51
Жоогазын16
Ким күчтүү12
Жетим менен сыйкырчы жомок8
Алия менен жылкы7
Аяз менен коён7
Акылдуу балдар6
Алданган карышкыр жомок6
КҮЧ БИРДИКТЕ ЖОМОГУ6
Карышкыр жана жети улак5

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *