Кар коёнго айтат:

— Менин негедир башым ооруп калды да…

— Менимче сен бир четиңен эрип жатсаң керек. Ошого башың ооруп аткандыр. – Коён карга ушинтип айтты да, дүмүргө отуруп алып ыйлап кирди: – Сен жок мага кыйын болот, аппак карым. Сенин үстүңө чыгып алып секирип-секирип сыраңдап ойнойт эмес белем. Эми кантем? Эми мени ким сактайт? Түлкү келатса да, карышкыр келатса да, киши келатса да сени оюп, ичиңе кирип кетип кутулчу элем да.

Калган күнүм не болот? Эми мени кез келген эле жапалак үкү, кара карга, тойбос кузгун жеп кетпейби. Кой, менин аппак карым, мен Токой Ээсине барып андан сени сактап берегөр дейин, өзүм үчүн.

Ошентип коён ыйлай берди. Токой Ээсинен сурана берди.

Күн болсо жылымык тартып, кыштын мурду сынып, карлар сууга айланып, айрым жерлер ачыла баштады. Буерлерге ала шалбырт маалы келди. Коёнубуздун болсо шаштысы андан бетер кетти. Күн-түнү ыйлады, күн-түнү суранды.

Акыры Токой Ээси да коёндун ыйын укту. Анан ага мынтип түшүндүрдү:

— Мен деген Күн менен теңтайлаша албайм. Ал аябай эле кубаттуу. Ошон үчүн ал карды эритип таштайт. Эгер сен ушинтип суранып калсаң, мен сага башкача кылайын. Кышкы аппак жүнүңдү жаз келгенде боз кылып таштайын. Ошондо сен кар кетип, талаа-түз жашылданганда, чөп-чардын, бариктердин арасында эч кимге байкалбай баягыдай эле сыраңдап жүрө бересиң.

Чын эле ошентсе болот да. Коён кубанды. Кубангандан күлүп да ийди.

Ошондон бери кыш кетип, жаз келгенде Токой Ээси коёндун түсүн өзгөртүп коёт экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар30
Кырк калп жомок25
Көмөч нан (колобок) жомок23
Карышкыр жана жети улак18
Карышкыр менен эчки18
Коён менен кирпи18
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *