Каткыргының жаздын, эй, келиши,
Жылмайганың муздун, ой, эриши.
Кайгырганың кара, ой, сур булут да,
Кийиниши муздун, ой, периси.
Эңкейгениң назик, ой, тал чыбык,
Эркелешиң эркек, ой, тай күлүк.
Эриндериң гүлдүн, ой, жебеси да,
Эреркешиң неге кайгылык?
Кайырма:
Билектериң балык туйлаган,
Билеригиң жүрөк кыйнаган.
Каткырганда төшүң бийлеген,
Кылыктарың нени кылбаган
Буралганың марал,эй сен ушул,
Буралганың куштун, ой, учушу.
Ойлонгонуң түрмөк, ой, ак булутта,
Ойгонгонуң күндүн, ой, чыгышы.
Уктаганың ууз бөбөктөй,
Уктаганың ая, ой, балапан.
Жыттаганың жыпар, ой, көпөлөң да,
Жытталганың жалгыз, ой, аласаң.
Кайырма:
Көзүң болсо мөртүр, ой, жылгаяк,
Көкөрөгүң көлдүн ой, толкуну.
Дирилдесе дүрт деп ой, от жанат да,
Шыбырашың көлдүн, ой, шоокуму.
Сылаганың сулуу,ой, тал бекен,
Сыланганың жайык кең бекен.
Сылаганың оттун, ой, илеби да,
Сураганың эмне болду экен?