Сулууларды көчөлөрдөн көп көрөм,
Суктанамын, көз электен өткөрөм.
Жылмаңдаймын баарысына тийишип,
Жыйырмамда мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, менде да бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.
Олоң чачты көчөлөрдөн көп көрөм,
Толкуп-ташып ошол замат өзгөрөм.
Оолукканды сурабагын, айтпагын,
Отуз жашта мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.
Кыркма чачты көчөлөрдөн көп көрөм,
Кызыгамын, күйүп-жанып өрттөнөм.
Кыялымда жанашамын бир басып,
Жаш кезимде мен мынчалык көппөгөм.
Шектенбесин көрүп-билген жакындар,
Шериктешим, үйүмдө бар асыл жар.
Сууруп алам чечекейиң десең да,
Сулууларга суктанууга акым бар.
Кубаныч Ажыбаев — Сулууларга суктанууга акым бар тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 45042
Спасибо
За
Аябай жакшы
Супер сонун ыр