Датасы: 28.08.2022
Формат: mp3

Чагылгандай көзүмө ботодой көздөрүң
Алып качып өзүңдү каламын өзгөрүп
Көнүлүмдү ансайын баратат жибитип
Шекери бар таттуу сөздөрүң

Ортосунда жылт этип жылдыздуу карегиң
Сулуулуктун сырынын канчасы бар деги
Сүйүү гүлүн колго алып барайын өзүңө
Жүрөгүңдүн калтыр дарегин

Кайырма :

Мен сыртынан жактырып жай гана жай гана
Билбегенмин калганымды байлана байлана
Сени күтүп келеби деп тутунуп махабат
Көчөсүндө жүрөм айлана

Кызганамын саамайым сылаган шамалдан
Сен меники болуу үчүн айткандай амал бар
Бут каптаган сүйүүнү тутанган жалынын
Өчүрөмүн эптеп араңдап
Сындырбагын сен назик көңүлдү абайла
Мен даярмын өзүңдү жүрүгө аярлап
Сен келет деп жүрөктү жылуулап бекитип
Орунуңду коем даярлап

Один комментарий к “Кубаныч Баркалбасов — Байланам тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *