Жанымдан өтсөң жылмайып,
Жалт карайм мен да кылчайып.
Ичтеги сырды айта албай,
Жүрөсүң, айтчы, кимде айып?
Өзүңдү жакшы көрөмүн,
Өзгөчө сүйүп жүрөгүм.
Өрт болуп өмүр өтсө да,
Сүттөн ак сага тилегим.
Жүрөсүң айтчы,
Жүрөсүң айтчы,
Жүрөсүң, жаным, кимде айып?
Ойлонуу менен таң атат,
Ойлорум сени саматат.
Жыл өткөн сайын жылт этип,
Жаштыгым өтүп баратат.
Айттырбай билип сырларым,
Ардактап жаштык ырларын.
Алагды кылбай көп эле,
Аясаң боло, жыргалым.
Кубаныч Сатаев — Аясаң боло, жыргалым тексти
Датасы: 26.10.2020 Көрүүлөр: 4485
Ырдын оранжировкасын бузуп коюпсуңар