Аткаруучу: Курбанбай Эшим
Эң биринчи махабатым
Сен жөнүндө ойлоп каламын
Биз жолуккан жерге келип
Кээде күлүп аттиң кыламын
Ойлор басып курчап жолумдан
Чыгалбадым сүйүү торунан
Тагдырыма неге жазылбадың
Куштай учуп кеттиң колумдан
Махабатым махабатым
Тоюңа мен баралбадым
Азаптуу түндө жалгыз калып
Сага бакыт тилеп ыйладым
Жашайсың сен жүрөгүмдө
Бассам турсам көңүлүмдө
Качан кантип арыламын
Ойлобоско сени түбөлүккө
Жолукпайбыз биз кайрадан
Бактымды издейм мен башкадан
Кош бол сүйүүм кош болгун эми
Сүйүүнүн оту өчтү ортобуздан
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.