Курбум тексти

Сөзү : Сайра Батыркулованыкы

Обону : Баглан Бабижандыкы

Бийигиңе сөз жеткис, аруу жансың ай,
Асылындай асылдын, кубатымсың жан курбум.
Кайрыгындай ушул жакшы ырдын,
Жарык чачып дайыма, жөлөгүмсүң ай,
Тирегиндей бактымдын, жанымдасың жан курбум.
Тартуусундай ушул тагдырдын

Кайырма:
Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум,
Кайрыгысың биздин жакшы ырдын.Ачып сага бүтүндөй жүрөгүмдү ай,
Тең бөлүшкөн сырдашым, көңүл баккан жан курбум.
Бийик сага сыйым-урматым.
Бакыт берген сезимге балалыктын ай,
Бирге бастык жылдарын бул өмүрдүн жан курбум.
Бир көрөлү дагы жыргалын.

Кайырма:
Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум,
Бир көрөлү өмүр жыргалын.

Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум,
Бир көрөлү өмүр жыргалын.

Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум,
Кайрыгысың биздин жакшы ырдын.
Кайрыгысың биздин жакшы ырдын.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Гүлназ Чыныбек кызы — Жолуксак кандай жакшы тексти336
Асанкалый Керимбаев - Ак булуттар тексти169
Гүлжигит Сатыбеков — Сагынып тексти150
Мирбек Атабеков — Бул дүйнө тексти130
Темир Назаров — Туулган жер79
ЧОРО тобу — Сүйүү балы тексти78
Самара Каримова - Менин атам жакшы адам тексти73
Эрлан Андашев — Уяласын го тексти73
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти72
Омар — Кыргызстаным тексти72

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.