Датасы: 01.04.2024
Формат: mp3

Жашыттың көз көрүнө,
Чачырап бүтүн бүлөө.
Жетээриң ошол беле,
Жаза алдым кай күнөөмө

А кантип эркин жетти
Жүрөгүм оорутууга
Сен деген сезимимди
Айланттың кыяматка
Чын эле кантип бардың
Дүйнөмдү антарууга
Санаамды ызаа толгон
Чаңдатып сапырууга сапырууга!

Тап берем тагдырыма
Наалыймын таалайыма
Жаралбай койгондо эмне
Дүйнөгө бул жарыкка

А кантип дитиң барды
Сүйүүмдү бүлдүрүүгө
Урабас махабатым
Күч менен сүрдүрүүгө
Ишенбейм ызааланам
Күйүткө батып барам
Арман күн курчап алды
Эми мен кантип жашайм!

Башканын келинчеги
Болдуңбу кеңешээри
Ак жоолук куп өзүңө
Жарашса керек эми

Кош болгун бактылуу бол
Болбоймун сага тоскоол
Жүрөктөн тапканыңдын
Ардагы таалайы бол
Эстебе кайрылбагын
Мен эми башка адаммын
Жараатты танып болбойт
А кайра ырбатбагын !!!
КЕЧИРИМ СУРАБАГЫН

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *