Датасы: 09.10.2020
Формат: mp3

Кылымдардан мурас калган аспабым
Байкасаңар шамшып чертип жатканын
Толгоп койсом комузумдун кылдарын
Тыңдайсынар ичине эмне катканын
Тарых болуп кошо жашап кыргыздын
Тагдыр болуп кордук бирге тартканын
Теңир колдоп чечип найзаң учунда
Тең келбеген күүсү черди жазганы

Ырчы келсе туурдукту түрүшүп
Келин кыздар керегеден тыңдаган
Пейилиндей боз үйү да бепбелең
Ичине кимдер гана сыйбаган
Ал боз үйдү жүктөп алып тил төөгө
Көчүп кетет жетелешип буйладан

Мүнөшкөрү бүркүт таптап үндөгөн
Бүркүтүнөн карышкырлар сүрдөгөн
Агытканда алкып тиштүү тайганын
Аскасынан аркар үркүп дүрбөгөн
Чоң энелер чимирилдип ийикти
Небереге кийим токуйт түймөдөн
Келин кызы колунан көөр төгүлүп
Келиштирип туш кийизин түрлөгөң

Чоң аталар небересин өңөрүп
Жорго минип желигенди билбеген
Төрт туягы кылдарында жорголоп
Комуз сайрайт жоргологон үн менен
Кооздойлу бул кечени келгиле
Комуз үнүн коштоп жорго бий менен

Жылкысы жылган ашып кырдаган
Желеде кулундары туйлаган
Жолочуну кымыз менен тозушуп
Тоночуну кылыч менен кыйнаган
Балдарына бербей жаткан токочун
Конок келсе беребиз деп жыйнаган
Конок бурбай уйгө келген жыланды
Өлтүрбөстөн ак чачышып сыйлаган

Один комментарий к “Нурбек Серкебаев — Комуз бийи тексти”

  1. Ой балии укмуш ыр болуптур! Денем дүркүрөп кетти….туруп алып бийлей бере турган ыр экен чиркин!

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *