Датасы: 13.01.2025
Формат: mp3

Унчукпай калсаң кез кезде

Убара болом күн кечке

Буулуга ойлой беремин

Булакта айлуу түндү эстеп

Байкабай асыл оюңду

Байкабас атка кондумбу

Сен күлгөн кезде каткырып

Кубаттап күлбөй койдумбу

Сен күлгөн кезде каткырып

Же каткырып күлбөй койдумбу

Жааса да жамгыр сабатып

Жан жакта элди каратып

Жапкансың курбум күрмөңдү

Жанаша басып баратып

Таарындың айтчы эмнеге

Талапкер мендей пендеге

Табышмак сырдуу таарынчак

Тагдырым сенден кем беле?

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *