Аралап шаар ичин басып жүргөн,
Андагы ак буурул түн эсиңдеби?
Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан,
Оттору Фрунзенин кечиндеги.
Убакыт суудай акты, унутпадым,
Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү.
Ал түнү айта бердиң жетине албай,
Калтырбай бул дүйнөдө билгениңди.
Үн катпай мени тиктейт бак-дарактар,
Жүрөктө сагынчыма карашкансып.
Негедир канаттуулар учуп өтсө,
Сезилет сени көздөй бараткансып.
Издеймин элесиңди көзүм талбай,
Азыр мен амалым жок алыс жакта.
Түшүмдөн түндө сени жолуктурган,
Ырахмат миң мертебе махабатка.
Кутман Жолдошев — Фрунзенин кечтери тексти
Датасы: 13.10.2020 Көрүүлөр: 19678
Ооба жакты фрунзенин кечтери
Эх фрунзе
Автору Ким
Ырдын аты тура эмес жазылган. Бул Канымгүл Досмамбетова эжекенин «Унутпадым» деген чыгармасы.
Ырдын аты тура эмес жазылган. Бул Канымгүл Досмамбетова эжекенин «Унутпадым» деген чыгармасы.