Балбылдап улам мени эстеп,
Бассам да, турсам сени эстеп.
Башкага көңүл бурулбайт, ай,
Баягы күндөр элестеп.
Эркелей калсаң артылып,
Эт жүрөк чери жазылып.
Аралай кирип кетчү элең, ай,
Алмалуу бакка жашынып.
Бул кезде анын бири жок,
Буркурайт жүрөк тили жок.
Бир сөзгө анча таарынып, ай,
Каякка кеттиң жиби жок?
Сен үчүн далай ырдадым,
Дагы эле келет ырдагым.
Кетирген күнөөм мойнумда, ай,
Кечирип койсоң, жыргалым.
Кутман Жолдошев — Кечирип койсоң тексти
Датасы: 19.10.2020 Көрүүлөр: 2043
Бурул сасыкова ушул ырлар Жан дуйнону жашартат дагы эле келет ырдашым