Сыдырым согуп салкын жел,
Суйкайып сулуу таң атты.
Атыр жел бетти аймалап,
Ала-Тоо башын саймалап,
Алтын күн нурун таратты.

Кайырма:

Бактылуу чыгып үнүңөр,
Бузулгус болсун үйүңөр.
Ага, ини, эже, сиңди карындаш
Кутмандуу болсун,
Кутмандуу болсун күнүңөр!

Көңүлдү көккө көтөрүп,
Комуздун күүсү шаңданды.
Көркүнө келип туш-туш жак,
Кутмандуу күндү куттуктап,
Кубанып дүйнө таңданды.

Кайырма.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *