Кыял Батырканова — Бала жыты тексти

Көчүрүү (скачать)

Тоо гүлүндөй жытыңан тегеренем,
Чарк айланып бала үчүн эбеленем.
Отко, сууга канаты кайрылса да,
Түтөт тура баарына эне деген.
Кайырма:
Кумарланам ансайын,
Кумарланам ансайын,
Жытынан искеп, жытынан искеп,
Садагам деп айдайым,
Садагам деп күндөйүм,
Апакең алкап.
Ак сүйүүдөн жаралган наристеби?
Аппак ууздай таптаза периштеби?
Бала деген жүрөктү толгоп турган,
Кандай ыйык ал сезим деги ичтеги?!
Кайырма:
Мен эненин бир эрке баласы элем,
Өтөт тура зуулдап өмүр деген.
Мына бүгүн мен өзүм эне болуп,
Эзилишип отурам балам менен.
Кайырма:

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp31068
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти527
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти246
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти172
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти138
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти138
Ak Orgo Boys & AB-92 — Уча бер үмүтүмдүн каркырасы108
Ak Orgo Boys & AB-92 — Апоу103
Жан Сабыров — Жаным сен101
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти100

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.