Датасы: 31.08.2022
Формат: mp3

Жай күтүп, жай келбесең күзгө калып
Күз күтүп, күз келбесең кышка барып
Ошентип он эки айым өтүп кетмек
Ошентип ар бир күнүм кайталанып

Мен сени жаштар өткөн жолдон күтөм
Мен сени жаштар жүргөн тойдон күтөм
Күтөмүн эң акыркы түңүлүүдөн
Күтөмүн маңдай жарган сүйүнүчтөн

Койсо эгер тагдыр сага жолуктурбай
Таарынбай кыйгач түшкөн жолго ушундай
Күтөмүн келбесең да өмүр бою
Майдандан жарың күткөн колуктудай

Кыял Токторбаева — Күтүү тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *