Күкүк менен зейнеп аудиосун угуу

Илгери-илгери  бир  куш  жыгачтын  башына  уя  салып,  эки  балапан чыгарат.  Ал  балапандардын  биринин  аты – Күкүк,  экинчисинин  аты – Зейнеп экен. Балапандар бат эле чоңоюп, уядан учууга жакындап калат.

Учуп  кетүү  алдында  Күкүк  менен  Зейнеп  даярдык  көрүп,  алмак-салмак канаттарын күүлөп, машыга баштайт.

Бир  күнү  Зейнеп  канаттарын  күүлөп  бүтүп,  ордуна  келип  жаткан соң, Күкүк уянын кырына чыгып талпына баштайт. Ошентип жатып Күкүк кулап кетет да тоголонуп отуруп жердин түбүндөгү жаракага кирип кеткен экен.

Уяда калган Зейнеп биртууганына кантип жардам берерин билбей чыйпыйы чыгып  чыркырап  кала  берет.  Күкүк  ошол  бойдон  дайынсыз жоголот.

Бир оокумда  Зейнеп  менен  Күкүктүн  ата-энеси  келип,  Күкүктүн жардан кулап кеткенин угуп, артынан издеп жөнөшөт. Ошол бойдон алар да жаракага түшүп жым болду.

Бир нече күн уяда жалгыз «Күкүк» деп сайрап отуруп, акыры Зейнеп да учуп  кетет.  Ошол  күндөн  ушул  күнгө  чейин  Зейнеп  биртууганын чакырып «Күкүк»  деген  боюнча  жүрөт  экен.  Ал  эми Күкүк  болсо,  жер алдында  жашап,  жер  үстүндө  калган  биртууганы  Зейнепти сагынганынан  «Зейнеп»  дей  берет  экен.  Алар  бирин-бири  издеп,  үн алышып  сайрап,  жолугарына  жакын  калганда  таң  атып  кетет  экен  да,жер  алдындагысы  «эртең  издейинчи»  деп  кашаңдай  түшөт.  Ал  эми  жер үстүндөгүсү  болсо  «кеч  кирип,  таң  атсынчы»  деп коёт  да  экөө  ошол күндөн ушул күнгө дейре табышалбай келет экен.WhatsAppFacebookTwitterTelegramOdnoklassnikiVKGmailMail.RuViberFacebook MessengerSkypeSMS

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок52
Акылдуу балдар31
Кыска жана күлкүлүү жомоктор29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи20
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Күкүк менен зейнеп: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *